Кыш мезгили жакындап жаткан учурда, аймактардагы отун-суунун камдалышы жана баш калаадагы жылуулук системаларынын абалы маанилүү суроолор бойдон калууда. Эл өкүлдөрү өкмөттүн кышка даярдык боюнча аракеттерин жана аймактардагы жагдайларды талкуулашты.
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашев кышка даярдык жыл сайын кайталанып жатканын, бирок бул маселе жоопкерчиликти талап кыларын айтты. Анын айтымында, негизги көрсөткүч кагаз жүзүндөгү даярдык эмес, кыш мезгилинде элдин керектөөчү ресурстар менен үзгүлтүксүз камсыз болушу болушу керек.
Көмүр маселесинде суроолор көп болууда… Негизги көрсөткүч кагаз жүзүндөгү даярдык эмес, кыш мезгилинде элдин жылуулук, электр энергиясы жана көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз болушу.
Депутат өткөн аптада Чоң-Алай, Алай жана Кара-Суу райондорун кыдырып келгенин билдирди. Ал жерде көмүрдүн баасын туруктуу кармоо жана алыскы айылдарда энергиянын үзгүлтүксүз берилиши боюнча маселелер көтөрүлгөн.
Сарыбашев өкмөткө кыш мезгилинде көйгөйлөр пайда болгондон кийин эмес, алардын алдын алуу үчүн алдын ала чараларды көрүү зарыл экенин сунуштады.







