Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Туратали» базарынын соодагерлери ижара акысынын шарттары өзгөрүшү мүмкүн деген күмөн санаа менен акцияга чыгышты. Алар бийлик өкүлдөрү менен жолугушууну талап кылышкан, андан кийин алардын алдына Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев келди.

Каныбек Туманбаев соодагерлерге акыны көтөрүү маселеси каралбай турганын белгиледи. Анын айтымында, ушул жылдын декабрь айында Президенттин тапшырмасы менен жаңы рыноктун курулушу башталат. Жаңы объект курулуп бүткөндөн кийин, соодагерлер ал жерге көчүп өтүшөт.
Ошондой эле, соодагерлерге ар кандай маселелер боюнча кайрылуу үчүн өзүнүн өкүлү Мирбекти тааныштырды. Кара-Суу районунун администрациясынын башчысы Чынгыз Бапаевдин маалыматы боюнча, ижара акысы мурунку баада калтырылды.
Базардын администрациясы учурда субаренданы жоюу жана соодагерлер менен түздөн-түз келишим түзүү иштери жүрүп жатканын билдирген. Ош облусунун ИИМдин басма сөз кызматы болсо, 18-ноябрда болгон окуя боюнча текшерүү иштери башталганын маалымдады.










