Ат-Башы районунда ветеринардык жана фитосанитардык кызматтуулар малдын кыймылын, союканалардын иштешин, ветеринардык дарыканалардагы дарылардын сапатын, ошондой эле коомдук тамактануучу ишканалардагы тамак-аштын коопсуздугун көзөмөлдөп келишет. Бул тууралуу Нарын облусу боюнча ветеринардык жана фитосанитардык кызматтын аймактык башкармалыгынын улук инспектору Урматбек Токтор уулу билдирди.

Коомдук тамактануучу ишканаларда, мектептерде жана бала бакчаларда колдонулуучу эт продукциялары ветеринардык көзөмөлдө турган союканаларда союлган малдан алынышы керек.
Урматбек Токтор уулу

Аталган кызматта үч кызматкер иштейт. Алардын негизги милдети — тамак-аш продукцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү болуп саналат.

  • Мал базарлары
  • Союканалар
  • Коомдук тамактануучу ишканалар
  • Балык чарбалары

Инспектордун айтымында, алар райондогу «Дордой» мал базасындагы малдын кыймылын көзөмөлдөп, райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте үзгүлтүксүз рейддерди уюштуруп турушат. Ошондой эле ветеринардык дарыканаларда сатылып жаткан дарылардын сапатын жана тиешелүү лицензиялардын бар экендигин текшеришет.