Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, А. Асылбеков көчөсүндө асфальт төшөө иштери толугу менен бүткөрүлүп, жол пайдаланууга берилди. Бул көчө аркылуу «Келечек» муниципалдык бала бакчасына 100ден ашык бала барып-турушат. Жолдун туурасы 6 метрди түзөт.
Аталган айыл аймагында ички жолдорду асфальттоо боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө. Азыркы учурда А. Султанов көчөсүнүн биринчи бөлүгү да асфальтталды, ал эми көчөнүн экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө иштер уланууда. Жакын арада бул көчө да толугу менен аяктап, тургундардын кызматына берилет.
Административдик-территориялык реформадан кийин Мырза-Аке айыл аймагында асфальтталбаган 38 чакырымдан ашык ички жолдор аныкталган. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте жалпысынан 5 чакырым жолду асфальттоо пландаштырылган.























