Шаардагы коомдук транспорттун абалы боюнча мэр Айбек Жунушалиев маалымат берди. Анын айтымында, учурда Бишкекте 1631 автобус иштеп жатат, бирок бул шаардын муктаждыгын толук жаппайт.
Өзгөчө иш сааттарында автобустарга келүү абдан татаал процесске айланып жатканын белгилеген шаар башчысы, жаңы транспортторду сатып алуу максатында 500 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.
Транспорттук көрсөткүчтөр
Жаңы сатып алынган транспорттордун биринчи партиясы катары 65 кыска автобус 20-январга чейин шаарга келип түшүшү күтүлүүдө.
500 000 000 сом бөлүнгөн бюджет
Жаңы автобустарды сатып алууга каражат бөлүндү












