Лейлек районунда 2021–2026-жылдары жалпы узундугу 136,5 чакырым болгон жолдор асфальтталды. Бул маалыматты президент Садыр Жапаровдун район тургундары менен жолугушуусунда аким Асылбек Женишбек билдирди.

Акимдин айтымында, асфальтталган жолдордун 77,5 чакырымы мамлекеттик жолдор болуп саналат, алар республикалык бюджеттин эсебинен оңдолгон. Калган 59 чакырым ички жолдорго туура келет, бул иштер Өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен аяктаган.

Асфальтталган жолдор

136,5жалпы узундугу, км
77,5мамлекеттик жолдор, км
59ички жолдор, км
Ранее по темеПрезидент Ак-Татырдагы ооруканага каза болгон аскердин ысымын ыйгарууну тапшырды

Мындан тышкары, аким калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштер бир шаарда жана 13 айыл аймагында жүрүп жатканын кошумчалады. Долбоордун баасы 999,7 миллион сомду түзөт.

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты.

Акимдин маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн мезгилде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, фонддордун жана ишкерлердин каражаттарынын эсебинен 356 объект курулуп, пайдаланууга берилди.

Район жана шаар башчылары президентке кошумча колдоону талап кылган долбоорлорду сунушташты. Садыр Жапаров белгиленген долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун зарылдыгын белгилеп, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын экономикалык потенциалын бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.