Жаңы асфальтталган жолдун ачылыш аземине Үзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Сактан Келдибаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жаңы жол айылдагы транспорттук тыгындарды азайтууга жардам берет жана альтернативалуу каттам болуп калат.
Бул долбоор айылдын жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, курулуш республикалык бюджеттин каражаты менен каржыланды.
Бул жолдун ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн маанилүү, анткени ал күнүмдүк каттамды жеңилдетет жана айылдын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.























