Ар бир жылдын 17-ноябрында бүткүл дүйнө жүзүндө мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн балдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул күндин негизги максаты — мөөнөтүнөн мурда төрөт маселесине көңүл буруу жана жаңы төрөлгөн наристелерге өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө.
Кыргызстанда бул датаны 11-ичи Националдык энечилик жана балалыкты коргоо борборунун базасында белгилешти. Өлкөдө жыл сайын болжол менен 600 бала мөөнөтүнөн мурда төрөлөт.
Негизги көрсөткүчтөр
Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, акыркы жылдары мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн наристелерди калыбына келтирүү шарттары кыйла жакшырды. Роддомдор заманбап медициналык жабдыктар менен камсыз кылынууда жана жаңы дарылоо ыкмалары, анын ичинде наристелердин дем алуусун колдоо үчүн сурфактант менен алмаштыруу терапиясы киргизилүүдө.
Медициналык адистер реанимация, респиратордук колдоо жана интенсивдик терапиянын заманбап ыкмаларын үйрөнүп жатышат. Бул өнүгүүнүн натыйжасында, 2000-жылы салмагы төмөн наристелерди жашоого жөндөмсүз деп эсептешсе, бүгүнкү күндө алардын жашоо мүмкүнчүлүгү жогору.
Националдык энечилик жана балалыкты коргоо борборунун перинаталдык борборунда жыл сайын болжол менен 5 миң бала төрөлөт. Алардын ичинен 600гө жакын наристе мөөнөтүнөн мурда төрөлөт.










