Узген райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Айбек Калназаровдун билдирүүсүнө караганда, текшерүү пландуу түрдө жүргүзүлгөн, бирок ага чейин ата-энелерден ашкананы текшерүү өтүнүчү да түшкөн.
Адистин айтымында, 1-4-класстын окуучулары ысык тамак менен камсыз болушат, бирок мындан тышкары ашканада даяр продукциялар: пирожки, самса, сэндвич жана башка товарлар сатылган. Мектеп ашканасында мындай азыктарды сатууга тыюу салынат.
Текшерүүдө ашкананын санитардык-гигиеналык абалында кемчиликтер аныкталган. Бузуулар өз убагында көзөмөлгө алынбагандыгы үчүн мектеп директоруна Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 5 миң сом айып салынган.
Ошондой эле кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча катуу талаптар коюлган.
Айып тууралуу










