Текшерүү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү. Анын алкагында Манас атындагы №90 жана Мадумар-Ата атындагы №1 орто жалпы билим берүү мектептеринин аймактарында тиричилик калдыктары максатсыз жерлерге топтолгону аныкталды.

Аныкталган укук бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ар бир мектептин администрациясына 17 миң сомдон айып салынды. Эки мектеп боюнча айыптын жалпы суммасы 34 миң сомду түздү.

Айыптар

17миң сом — ар бир мектеп
34миң сом — жалпы сумма