Базар-Коргон районунун прокуратурасы билим берүү мекемесиндеги каржылык бузуулар тууралуу билдирди. Маалыматка ылайык, Кеңеш айыл аймагынын Шыдыр айылындагы №29 «Бурул эне» балдар бакчасынын жетекчиси иштебеген кызматкерлерге айлык акы эсептеп, ал эми эмгек өргүүсүнө чыккан кызматкерлердин акчасынын бир бөлүгүн өзүнө алып калган.

Прокуратуранын маалыматында, жетекчи контролдоочу органга балдар бакчада балдарга шарт жетишсиз деп кайрылган. Бирок ушул эле учурда ата-энелер да нааразычылыгын билдирип, балдар бакчадагы шарттар тууралуу айтып беришкен.

Ата-энелер эмне дейт?

Жергиликтүү тургун Н. эки баласы ушул №29 бакчага барарын айтты. Анын айтымында, кичүү уулу бир айдан ашык мурун бакчага кезек менен жазылып, жетекчиге 5 миң сом «шапка» берген. Бирок бүгүн эртең менен бакчадан телефон чалып, баланы алып кетүүнү суранышкан. Себеп катары анын баласы базада катталбаганы жана бүгүн ага тамак берилбей турганы айтылган.

Н. баланы электрондук кезек аркылуу бакчага киргизген, жетекчи 5 миң сом сурагандыктан, ал акчаны төлөп, дагы бир ай үчүн 1500 сом төлөгөн. Ошого карабастан баланы алып кетүүнү талап кылышкан.

Башка ата-энелер да балдардын тамактануусу талаптарга жооп бербей турганын айтышууда. Алардын айтымында, тарбиялануучуларга көгөрүп, жашыл болуп, сасыган нан жана этсиз тамак берилет. Мындан тышкары, балдарды полго жаткырышкан.

Ата-энелер балдарга көгөргөн, сасыган нан жана этсиз тамак берилип жатканын, балдарды полго жаткырышкандыгын айтышууда.
Райондук прокуратуранын билдирүүсүнөн

Текшерүүнүн жыйынтыгында директорго карата кылмыш иши козголгон. Каржылык бузуулардын жалпы суммасы 1,1 млн сомду түзгөн.