Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Батина Токобаеванын маалыматы боюнча, социалдык контракт программасы кедей жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоосун жакшыртууга, аларды ишкердикке тартууга жана кошумча жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүүдө. Президенттин жарлыгынын негизинде 2022-жылдан тарта райондо жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөргө социалдык контракт аркылуу ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу менен колдоо көрсөтүлүп келет.

Программанын алгачкы этаптарында катышкан 50 үй-бүлөнүн ар бирине 100 миң сомдон бөлүнгөн болсо, учурда социалдык контракт алкагында иш алып барып жаткан үй-бүлөлөрдүн саны 1 687ге жетти. Алар тандаган багыттары боюнча ишкердик менен алектенүүдө жана киреше алышууда.

Ишкердик менен алектенген үй-бүлөлөрдүн тармактар боюнча бөлүнүшү

1 470айыл чарба тармагында
57өндүрүш тармагында
94кызмат көрсөтүү тармагында
66соода тармагында

Мындан тышкары, ишкердик демилгелерди колдоо жана өнүктүрүү максатында эки банк тарабынан кошумча каржылык жардам көрсөтүлүүдө. Атап айтканда, бул банктар аркылуу 85 үй-бүлөгө 200 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген пайызы жок кредиттер берилет.

200 000 кредиттин суммасы

85 үй-бүлөгө бериле турган жеңилдетилген кредиттин өлчөмү