Go Viral Festival 2026 Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) кампусунда, Жаштардын эл аралык күнүнүн алкагында уюштурулат. Иш-чаранын уюштуруучулары — IDEA Central Asia регионалдык демилгеси жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.

Фестиваль инновацияларды өнүктүрүүгө кызыккан жаштарды, ишкерлерди, креативдүү индустриялардын өкүлдөрүн, IT-адистерди жана стартаптарды негиздөөчүлөрдү бириктирет.

Программада эмнелер бар?

  • Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген ийгиликтүү ишкерлердин жана эл аралык эксперттердин баяндамалары.
  • Жасалма интеллект, технологиялар, инновациялар жана регионалдык кызматташтык боюнча панелдик талкуулар.
  • Стартаптарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана бизнести жүргүзүү боюнча практикалык тажрыйбалар менен таанышуу.

Ошондой эле коноктор үчүн тематикалык аянтчалар иштейт, анын ичинде Innovation Expo, Go Viral Corner, American Corner, Creative Market, Game Zone, Lounge Zone жана Food Court сыяктуу интерактивдүү аймактар болот.

Фестиваль белгилүү аткаруучулардын катышуусундагы музыкалык программа менен жыйынтыкталат.

Иш-чарага катышуу акысыз. Фестиваль 12-августта саат 13:00дөн 22:00гө чейин Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6 дарегинде (АУЦА) өтөт.