Евразия өнүктүрүү банкы, "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коому жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы Борбордук депозитарийдин эсепке алуу системасын заманбап абалга келтирүүгө багытталган техникалык жардам көрсөтүү келишимине кол коюшту. Бул маалыматты ЕӨБ билдирди.

Долбоор Кыргызстандын фондулук базарынын инфраструктурасын модернизациялоонун кезектеги этабы болуп саналат. Буга чейин ЕӨБ жана КОӨФ колдоосу менен Кыргыз фондулук биржасынын IT-инфраструктурасы жаңыланган болчу. Эми техникалык жардам баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алууну жана капитал рыногунун эсептешүү инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылган негизги институт – Борбордук депозитарийди өнүктүрүүгө багытталат.

Заманбап финансылык инфраструктураны өнүктүрүү натыйжалуу капитал рыногун түзүү үчүн зарыл шарт. Борбордук депозитарийди модернизациялоо баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүнүн ишенимдүүлүгүн жана ылдамдыгын жогорулатат, рыноктун катышуучуларынын санариптик өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана финансылык секторду мындан ары өнүктүрүү үчүн технологиялык негиз түзөт.
Евразия өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Скатин

Модернизациялоонун зарылдыгы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан фондулук базар реформасы менен шартталган. Долбоордун алкагында Борбордук депозитарийдин эсепке алуу системасы жаңыланып, IT-инфраструктура модернизацияланат. Ошондой эле, баалуу кагаздар рыногунун бардык кесипкөй катышуучулары менен электрондук документ жүгүртүү киргизилип, баалуу кагаздар менен операциялар боюнча маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде алмашуу камсыз кылынат.