Душанбеде өткөн IV аймактык жолугушууда Кыргызстандын Улуттук банкынын делегациясын башкарма мүчөсү Санжар Абдыгазиев жетектеди. Делегация улуттук төлөм инфратүзүмүнүн өнүгүү тажрыйбасын, атап айтканда ELQR QR-стандартын жана ыкчам төлөмдөр тутумун тааныштырды.
Жолугушуунун башкы жыйынтыгы — беш өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобунун түзүлүшү. Анын милдети — төлөм тутумдарын интеграциялоо жана QR-код аркылуу чек аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча иш алып баруу.
Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө, төлөм кызматтарынын коопсуздугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган биргелешкен протоколго кол коюлду.





















