ОАО «Дос-Кредобанк» эл аралык финтех-кызматташтыктагы катышуусун кеңейтип, түрк мамлекеттеринин төлөм системаларын интеграциялоо жана чек арадан өткөн каржылык кызматтарды өнүктүрүү боюнча демилгелерди көтөрүүдө. Банктын негизги сунуштарынын бири — жарандардын ар кайсы өлкөлөрдөгү каржылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүүчү бирдиктүү санариптик капчыкты түзүү.
Баку шаарында 2026-жылдын 12-14-октябрь күндөрү Түрк мамлекеттеринин каржы технологиялары альянсы (TÜRKFİN) уюштурган Baku Fintech Sector Trade Mission эл аралык финтех-миссиясы өтүүдө. Иш-чарага банк секторунун, финтех-компаниялардын жана каржы уюмдарынын өкүлдөрү санариптик төлөмдөрдүн келечегин жана эл аралык технологиялык кызматташууну талкуулоо үчүн чогулушту.
13-октябрда ОАО «Дос-Кредобанктын» башкармалыгынын төрагасы Талантбек Өмүралиев «Жаңы муундагы төлөм тренддери: төлөмдөрдүн келечеги» аттуу эл аралык панелдик сессияда спикер катары сөз сүйлөп, түрк мамлекеттери үчүн бирдиктүү санариптик капчык түзүү демилгесин тааныштырды.
Анын пикири боюнча, толук санариптик интеграция үчүн жеке күбөлүктөрдү өз ара таануу гана эмес, жалпы технологиялык жана жөнгө салуучу инфраструктураны түзүү зарыл. Ачык протоколдор, каржы платформаларынын шайкештиги жана банктар менен төлөм операторлорунун ортосундагы системалуу өз ара аракеттенүү өзгөчө мааниге ээ.
Сунушталып жаткан демилге чек арадан өткөн санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө, колдонуучуларды идентификациялоону жөнөкөйлөтүүгө жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө негиз боло алат.









