Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров Жогорку Кенештеги жыйналышта алдамчылыктын курман болгондордун акчаларын кайтаруунун татаалдыктарын түшүндүрүп берди. Анын айтымында, эгерде жарандар банкка өз убагында кайрылса, алдамчыларга которулган каражаттарды бөгөттөп, алардын чыгарылып кетишине жол бербөөгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок кеч кайрылган учурда акчаны кайтаруу өтө кыйын болуп калат.

Бул маселе Жогорку Кенештин депутаты Токтобубу Ашымбаева тарабынан көтөрүлдү. Депутат кибералдамчылыктан жабыркаган көптөгөн жарандардын акчаларын кайтарып алуу үчүн депутаттарга кайрылып жаткандыгын белгилеп, конкреттүү мисал келтирди. Ал бир жарандын ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, ошол эле учурда «Оптима Банкка» эсептерин бөгөттөө боюнча өтүнүч бергенин, бирок алдамчылар акчанын бир бөлүгүн алып калып, калган сумманы банк кайтарып бербей жаткандыгын айтты.

Мелс Аттокуровдун түшүндүрмөсү боюнча, Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө арыз түшкөндөн кийин, адистер окуянын жагдайларын изилдешет. Бул иштин алкагында мекеме Ички иштер министрлиги жана коммерциялык банктар менен тыгыз кызматташат.