24-ноябрда өткөн жыйындын алкагында депутат Махабат Мавлянова банктар кардарларын коргоо үчүн жаңы механизмди иштеп чыгууну сунуштады. Анын айтымында, алдамчылар тарабынан уурдалган акчаны банктар түз кайтарып бериши керек.

АКШда эгер жабырлануучу өзүнүн банкына кайрылып, аны алдамчылар алдаганын айтса, банк акчаны дароо кайтарып берет. Банктар кардарларын ушундай коргошот. Келиңиздер, муну токтомго киргизели.
Махабат Мавлянова

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров Кыргызстанда мындай механизм жок экенин белгиледи. Анын түшүндүрмөсү боюнча, кардар кайрылган учурда эсеп дароо токтотулат, андан кийин мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ошондой эле маселе WhatsApp жана Telegram аркылуу жасалган алдамчылыктар тууралуу да көтөрүлдү. Мавлянова алдамчылар операторго кайтарылган кыргыз номерлерин дагы деле колдоно аларын белгиледи. Ички иштер министрлигинин өкүлү мындай номерлерди бөгөттөө боюнча байланыш операторлору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Чет өлкөдө жүргөн студенттер жана мигранттар кантип арыз бериши керек деген суроого жооп катары, башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаева арыз кылган жерде же кылмыш жасалган жерде же ишенимдүү өкүл аркылуу берилерин айтты.