26-ноябрь күнү өткөн жыйындын алкагында эл өкүлдөрү «Залог жөнүндө», «Жер кендер жөнүндө» жана «Өндүрүштүк жана керектөө таштандылары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду экинчи окууда кабыл алышты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Агрардык саясат, суу ресурстары, жер кендерин пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасы Кубанычбек Самаков мыйзамдын максаттарын түшүндүрүп берди. Анын айтымында, жаңы өзгөртүүлөр жер кендерин пайдалануу процессин лицензиялоону жөнгө салуу үчүн төмөнкү кадамдарды камтыйт:

  • Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан кум-шаңгыл аралашмаларын жана суглинктөрдү казуу үчүн укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүк берүүнү токтотуу;
  • Лицензияланган ишмердүүлүккө көзөмөлдү күчөтүү жана мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн залогдук укуктук мамилелерге тыюу салуу;
  • Жер кендерин пайдалануу укугун берүүдө электрондук аукциондорду өткөрүүнү камсыз кылуу.

Онлайн-лотереялар жана оюн бизнеси

Ошондой эле депутаттар оюн жана лотерея ишмердүүлүгү тармагындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду экинчи окууда кабыл алышты. Бул документ онлайн-лотереяларды, санариптик ойнотумдарды жана бинардык опциондорду укуктук жактан жөнгө салууга багытталган.

Бул чаралар мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө, алдамчылык тобокелдиктерди азайтууга, жарандардын укуктарын коргоого жана кылмыштуу кирешелерди жетиштүү түрдө актоо же терроризмди каржылоо максатында колдонуунун алдын алууга кызмат кылат.

Товардык складдар

Мындан тышкары, «Товардык складдар жана складдык күбөлүктөр жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Беназир Нурланованын билдирүүсүнө караганда, документ складдык каржылоо механизмин өркүндөтүү, складдык күбөлүктөрдүн жүгүртүүсүн санариптештирүү жана ишкерлердин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн иштелип чыккан.