Республика Алтайда Манастын эстелигин орнотуу максатында долбоор даярдалууда. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев социалдык тармак аркылуу маалымдады.
Ал бул демилге менен Алтай Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы Александр Прокопьевге кайрылып, идеяны колдоого алганын жана ишке ашырууну макулдашканын билдирди.
Эстелик Чыңгыз Айтматовдун туулганына 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын бири катары пландалган. Айтматов «Манас» эпосун жогору баалап, анын дем-күчүн алганын белгилеген.
Манастын эстелигин түзүү эл аралык сынак форматында өтүшү күтүлүүдө. Анда Даши Намдаков жана Андрей Осташов сыяктуу атактуу скульпторлор катышууга мүмкүн.







