Бишкек шаарында 10-июлда Korea Medical Tourism Connect 2026 аттуу роуд-шоу өттү. Иш-чара Korea Tourism Organization тарабынан уюштурулуп, анда медициналык туризм жана дарылоо кызматтары боюнча кызматташтык маселелери каралды.

Иш-чарага Түштүк Кореядан алдыңкы 18 уюм катышты. Алар медициналык мекемелер, чет элдик бейтаптарды кабыл алуу боюнча компаниялар жана Пусан шаарынын өкүлдөрү болушкан. Жалпысынан 120га жакын катышуучу, анын ичинде медиктер, туризм өкүлдөрү, дипломатиялык миссиялар жана авиакомпаниялар катышты.

Программада жеке B2B жолугушуулар, Кореянын медициналык туризми мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу жана бизнес нетворкинг уюштурулду.

Катышуучуларга корей клиникаларынын комплексдүү медициналык текшерүүлөр, омуртканы жана муунду дарылоо, офтальмология, стоматология, дерматология, пластикалык хирургия, ооруларды дарылоо жана салттуу корей медицинасы боюнча мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Korea Tourism Organization медициналык жана оздоровительный туризм боюнча жетекчиси Мун Со Ён Кыргызстан менен Өзбекстандын Борбор Азиядагы маанилүү стратегикалык өнөктөштөр экенин белгиледи. Анын айтымында, негизги милдеттер - мүмкүнчүлүктөрдү тааныштыруу жана узак мөөнөттүү кызматташууну бекемдөө.