Кыргызстанда санариптик кызматтарды модернизациялоо жана техникалык оңдоолорду жүргүзүү максатында айрым мамлекеттик онлайн сервистер убактылуу токтотулат.

«Түндүк» мобилдик тиркемеси жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы 10-июль күнү саат 21:00дөн баштап 11-июль саат 10:00гө чейин жеткиликтүү болбойт.

Аталган сервистер Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу иштейт жана ал дагы ушул убакыт аралыгында өчүрүлөт.

Бул убактылуу токтотуу убактысында колдонуучулар санариптик кызматтарды пайдалана алышпайт, бардык суроолор боюнча «Түндүк» ААКга кайрылууга чакырат.