Кызыл-Суу-Кыргыз автономдуу округунун расмий сайтынын маалыматы боюнча, жылдын алгачкы тогуз айында Торугарт жана Иркештам өткөрүү пункттары аркылуу ташылган товарлардын жалпы көлөмү 5,6 млн тоннадан ашты.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жүк ташуу көрсөткүчү 2,8 млн тоннага көбөйүп, 1,5 эсеге жеткен. Ошону менен бирге, чек арадан өткөн транспорт каражаттарынын саны 540 миңди ашып, мурунку жылга карата 40 пайызга өскөн.
Жүргүнчүлөрдүн агымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырма менен 2,5 эсеге жогорулап, 130 миң адамдан ашты. Бул көрсөткүч чек ара аркылуу товар жүгүртүү жана адамдардын агымынын кескин өскөнүн далилдейт.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Кыргызстандагы инфраструктуралык кызматтарга болгон муктаждыкты кыйла арттырды. Торугарт өткөрүү пункту аркылуу курулуш материалдары, техникалар жана мунай продукциялары чоң көлөмдө экспорттолууда. Мындан тышкары, бул пункт аркылуу Кытайдан Борбордук Азия өлкөлөрүнө электромобилдер ташылууда.









