Бишкекте тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жана айыл чарба комплексин (АЧК) өнүктүрүү боюнча 2026-2030-жылдарга карата иш-чаралардын 1000 күндүк планын иштеп чыгуу маселеси талкууланды.
Суурчарлар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, кеңешмеге минералдык жер семирткичтерди импорттоочу компаниялардын, үрөнчүлүк чарбалардын, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун, айыл чарба техникасын импорттоочу компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана адистери катышты.
Талкуу учурунда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттары, тамак-аш коопсуздугун чыңдоо жана ата мекендик өндүрүштү колдоо маселелери каралды.
Катышуучулар 1000 күндүк иш-чаралардын планына киргизүү пландаштырылып жаткан демилгелер боюнча пикир-пикир алышып, тармактын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча планды андан ары иштеп чыгуу үчүн тиешелүү сунуштар чогултулуп, сунуш-пикирлер берилди.









