Кыргызстанда темир жол тармагында олуттуу ийгиликтерге жетишилди. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жүк ташуу көлөмү 11 миллион тоннага жеткен, бул 2021-жылдагы 7 миллион тоннага салыштырмалуу 36 пайызга көп. Бул көрсөткүч ата мекендик темир жол тармагынын тарыхындагы эң мыкты натыйжалардын бири болуп саналат.

Жүк ташуунун өсүшү

11 млнтонна жүк (2025-ж.)
7 млнтонна жүк (2021-ж.)
36пайыз өсүш

Ошол эле мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү да кыйла өскөн. Эгер 2021-жылы темир жол транспортун 255 миң адам колдонсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 432 миңге жеткен. Бул 69 пайыздык өсүштү билдирет.

Жүргүнчүлөрдү ташуунун өсүшү

432 миңадам (2025-ж.)
255 миңадам (2021-ж.)
69пайыз өсүш
Мындай динамика темир жол тармагынын ишинин натыйжалуулугунун тынымсыз жогорулап, жарандардын бул транспорт түрүнө болгон ишениминин артып, өлкөнүн транспорттук системасындагы ролунун мындан ары да күчөтүлүп жаткандыгын айгинелейт.
Президент Садыр Жапаров

Бул билдирүүлөрдү президент Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолунун ачылыш аземинде жасады. Ал ошондой эле жакында Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата темир жолунун курулушу башталганын эске салды.

Мамлекет башчы келечекте Кочкор — Кара-Кече — Макмал темир жолунун курулушу башталаарын белгиледи. Бул стратегиялык долбоор өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бирдиктүү темир жол магистралы менен байланыштырып, Кара-Кече көмүр кенин өнөр жай борборлору менен бириктирет. Ошондой эле Кыргызстандын ички жүк ташуу жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарат.

Бул масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын ички темир жол тармагын бирдиктүү системага бириктирип, өлкөнүн транспорттук байланышын чыңдап, экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө мүмкүндүк берет деп баса белгиленди.