Тоо туризмин өнүктүрүү жана жамааттын коопсуздугун жогорулатуу үчүн жаңы технологиялык чечим иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат. Рамиль Хамаев аттуу жаш программист туристтерге багытталган мобилдик программа түзүүдө. Ал маршруттардын татаалдыгын эсепке алуу менен туура жолдорду тандоого жардам берет.
Проекттин эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири — куткаруучуларга же жакындарына координаттарды тез арада жөнөтүүгө мүмкүн болгон SOS баскычы. Бул функция тоолуу аймактарда коопсуздукту камсыз кылууда чоң мааниге ээ.
20% пайызы
Учурда тиркеменин даярдык деңгээли
Номад ТВ каналынын маалыматына ылайык, азыркы учурда иштеп чыгуу иштеринин болжол менен жыйырма пайызы гана аяктаган. Жаш адистин жана анын командасынын планы боюнча, жаз айларында чыныгы тоолуу маршруттарды жазуу процесси башталат.






