Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги мобилдик тиркеме – «Электрондук консул» (eConsul) иштеп чыкты. Азырынча тиркеме Google Play дүкөнүндө жеткиликтүү.

Тиркемеде чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктарга жана башка өлкөлөрдүн жарандарга керектүү маалыматтар камтылган. Андан паспорт же айдоочулук күбөлүктү жоготкон учурда кайрылуу, консулдук каттоо, консулдук мекемелерге кезекке туруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

SOS баскычы - өзгөчө функция

Ранее по теме15-июль: Бишкек жана аймактарда жарык үзгүлтүккө учурайт

«Электрондук консул» тиркемесинде түзүлгөн SOS баскычы кырдаалдардын кескин өзгөрүп калышы, мисалы, укук коргоо органдары тарабынан кармоо, мыйзамсыз кармоо, уурдоо, депортация коркунучу же документтердин жоголушу сыяктуу кырдаалдарда колдонулат.

Колдонуучу уруксат берсе, анын жайгашкан жери автоматтык түрдө жакынкы консулдукка жөнөтүлөт же ал өзү тандаган консулдук көрсөтүлөт. Муну менен бирге суроо кыска консулдук департаментке берилет жана ар бир кайрылуу каралат.

«Биздин максат — чет өлкөдө жүргөн ар бир кыргызстандык өз өлкөсүнө жакыныраак сезилип, керектүү жардамды ала алышы»
ТИМ өкүлдөрү