Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Ала-Арча улуттук паркындагы туристтердин агымы тууралуу маалымат берилди. Президенттин Иш башкармалыгынын орун басары Талантбек Джунушевдин айтымында, Рацек боз үйүнө карай бараткан туристтердин саны акыркы жылдары бир нече эсе көбөйгөн.
Айрыкча ишемби күндөрү туристтердин саны өтө көп болуп, аларды көзөмөлдөө кыйынчылыктарды жаратууда. Бул жагдай табигый кооздукка келген адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесин курчтурган.
Туристтердин саны
Талантбек Джунушевдин билдирүүсүнө караганда, тоолордогу трагедиялык окуялардан кийин коопсуздукту күчөтүү максатында Garmin системасы колдонулат. Бул система спутник аркылуу адамдын турган жерин так аныктап бере алат.
Бул жөн гана трекерлер эмес. Garmin системасы SOS баскычын басканда спутник аркылуу адамдын турган жерин аныктай алат. Эгерде адам бир жерде эки сааттан ашык кыймылсыз турса, система автоматтык түрдө реакция берет.
Депутат Медина Кайрылбекова мамлекет тарабынан тоо туризми жарнамаланып жатса, туристтердин коопсуздугу үчүн бардык шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи. Ал адамдардын өлүмүн күтпөстөн, коопсуздук маселесин алдын ала чечүү зарыл экенин айтты.










