Бишкектин Джаманбаева көчөсүндөгү тротуарлардын абалы боюнча шаардыктар нааразылык билдирип жатышат. Жарандар жолдорду асфальттоо иштери толук аткарылбай, пешеходдук өтмөктөрдүн жана үйлөргө баруу жолдорунун жанында бош жерлер калып калганын айтышууда.

Kaktus.media Call-центрүнө кайрылган бишкекчи аялдын айтымында, Джаманбаева көчөсүнүн чыгыш тарабындагы тротуарларга бир нече жыл мурун асфальт төшөлгөн, бирок пешеходдук өтмөккө баруучу жерде чуңкур калып калган. Ал эми жакынкы бир ай мурун көчөнүн батыш тарабына асфальт төшөлгөндө да, пешеходдук өтмөктөргө баруучу жолдор кайрадан бүтүрүлбөй калган.

Жаман аба ырайында ал жерде суу жана ылай топтолуп, коля менен өтүү таптакыр маселе болуп жатат. Асфальт төшөө учурунда ал жерлерди да кошо жапса боло турчу, мындай иштерди ким кабыл алат жана эмне үчүн мунун баары жазасыз калат?
Бишкек шаарынын тургуну

Аталган жаран мэрияга «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу кайрылуу жасаса да, ага эч кандай жооп берилбей жатканын баса белгиледи.