Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы, Башкы прокуратуранын «Укук» мамлекеттик уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери биргелешип «Цифровая граница» деген мобилдик тиркемени жарыялашты.
Бул тиркеме чек арадан өтүү пункттарынын иштөө тартиби, мамлекеттик чек араны кесип өтүү эрежелери, ошондой эле чек ара аймагындагы жашоо шарттары тууралуу бирдиктүү маалымат булагына айланат.
Тиркеменин негизги функцияларынын бири — Кыргызстандан чыгууга убактылуу чектөөлөр бар-жогун алдын ала текшерүү. Колдонуучу идентификациядан өткөндөн кийин саякатты пландаштырууда ушул чектөөлөр тууралуу биле алат.






















