24-ноябрда Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Э.Иманалиев айыл аймагына барып, жергиликтүү депутаттар менен кездешүү өткөрүштү.
Жолугушуунун алкагында аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселелери каралды. Өзгөчө калкты таза суу менен камсыздоо, инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу сыяктуу маанилүү темалар талкууга алынды.
Эл өкүлдөрү мамлекеттин өнүгүүсү аймактардагы калктын жашоо шартын жакшыртуу менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгилешти. Аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар менен иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.























