Дүйнөлүк дизель запастары 35 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү. Бул тууралуу Абу-Даби улуттук мунай компаниясынын (ADNOC) башчысы Султан бен Ахмед аль-Жабер ADIPEC 2026 эл аралык конференциясында билдирди.
Анын айтымында, баалардын өсүшүнүн негизги себеби — Ормуз кысыгындагы кеме каттамынын бузулушу. Бул жагдай дүйнөлүк энергия рыногуна олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Дүйнөлүк дизель запастары 35 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү. Буга Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшү себеп болду.
Аль-Жабер ошондой эле башка рыноктордо суюлтулган жаратылыш газынын жеткирүүсүндө тартыштык бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Ормуз кысыгындагы кеме каттамынын токтошунан улам дүйнөлүк запастардан дээрлик 1 миллиард баррель мунай чыгарылган.
Логистикалык чыгымдар баррель наркынын 30 пайызына чейин көтөрүлдү. Ал эми АКШ менен Израилдин Иранга каршы жаңжалы башталганга чейин бул көрсөткүч 5 пайызга жакын болгон.
Ормуз кысыгы аркылуу өткөн жеткирүүлөр (жаңжалга чейин)
Иран-Америка согушуна чейин дүйнөлүк мунай жеткирүүнүн болжол менен 25 пайызы жана суюлтулган жаратылыш газынын 20 пайызга жакыны Ормуз кысыгы аркылуу өткөн.



















