Ысык-Көл облусунун Тон районуна караштуу Калкагар айылында 150 окуучуга эсептелген мектептин курулушу жүрүп жатат. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө таянса, учурда эки кабаттуу имараттын чатырын жабуу жана сыр жабуу иштери толугу менен аяктаган.
Архитектуралык долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 1336 квадрат метрди түзөт. Жаңы окуу жайында предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, тамактануучу жай, компьютердик класс, ошондой эле акт жана спорт залдары болот.
127 млн сом курулуштун жалпы наркы
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Имараттын курулушуна жумшалган каражаттын жалпы суммасы төмөнкүдөй:























