Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылында 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Бул долбоор республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен ишке ашырылып жатат.
Мектептин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган. Учурда эки кабаттуу имараттын дубалдары тургузулуп, чатырын жабуу иштерине даярдык көрүлүүдө. Долбоорго ылайык, имарат эки блоктан турат.
Жаңы мектептин ичинде окуу класстарынан сырткары, компьютердик класс, лаборатория, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, ашкана, балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттери, ошондой эле жыйындар залы сыяктуу заманбап шарттар түзүлөт.
Курулуштун сапатын Турак жай-жарандык курулуш департаменти ар бир этапта текшерип, көзөмөлдөп турат.













