Ысык-Көл облусунун Тон районуна караштуу Кок-Сай айылында жаңы мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуш министрлиги, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, долбоордун жалпы баасы 155 миллион сомду түзөт. Бул каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген.

Мектептин курулушу 2025-жылдын ноябрь айында башталган. Учурда эки кабаттуу имаратдын каркасы даяр болуп, ички дубалдарды сылап чыгуу иштери жүрүп жатат.

Мектептин негизги көрсөткүчтөрү

275окуучунун орду
3036чарчы метр
155млн сом

Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 3 036 чарчы метрди түзөт. Имарат төрт блокко бөлүнүп, анда окуу класстары, лаборатория, компьютердик класс, тамактануучу жай, китепкана, медициналык кабинет жана акт залдары жайгашат.

Мындан тышкары, жаңы мектепте спорт менен машыгуу үчүн зарыл шарттары бар атайын спорт залы да болот.