Кыргызстанда жаш өспүрүмдөрдүн эрте никеге туруусу жана эрте кош бойлуулугун алдын алуу боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун отчётунда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматтар келтирилген.
2025-жылы кош бойлуулугу боюнча каттоодон 327 жаш өспүрүм кыз бала өткөн. Алардын ичинен 315 кыз бала төрөткөн болсо, 39 кыз бала аборт жасаган.
Кош бойлуулук боюнча статистика
Өспүрүм энелердин жашы өтө төмөн экени байкалууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, төрт кыз бала 14 жашта, ал эми бир кыз бала болсо 13 жашта болгон.
Мындан тышкары, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкөдө жаш өспүрүмдөр менен никеге туруунун 340 фактысы катталган. Бирок, бул боюнча кылмыш иштери болгону 64 факт боюнча гана козголгон.
- Нарынская
- Иссык-Кульская
Кабар · geoBoundaries, © OpenStreetMap









