Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 24-ноябрда Каракол-Энильчек автожолунун 90-километринде, Чон-Ашуу ашуусунда окуя болду. Жолго түзөтүүчү жеке техниканы ташып бара жаткан о𝟘ттуу унаа жайкы дөңгөлөктөр менен кардын үстүндө шилжип, жолдун четиндеги учуунун жанында калып калган.
Ак-Суу районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматы боюнча, унаадагы эки айдоочуну аймактык куткаруу тобу түн ичинде куткарып, райондук борборго жеткиришкен. Учурда алардын абалы канааттандырарлык.
Ашуудагы о𝟘ттуу унааны чыгарып алуу үчүн 25-ноябрда атайын техникалар, Ак-Суу районунун №39 өрткө каршы жана куткаруу бөлүгүнүн ыкчам тобу жана №11 жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкери тартылды.











