Жогорку Кеңеш 28-октябрда алтын, күмүш жана платина, ошондой эле аларды камтыган кендерди иштетүүгө роялти ченемин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Роялти деген эмне?
Роялти – бул кен байлыктарын иштетүү үчүн төлөнүүчү салыктын бир түрү. Ал пайдалуу кендерди казуу жана жер астындагы сууларды алуу укугу үчүн алынат.
Учурдагы мыйзамга ылайык, алтын, күмүш жана платина, ошондой эле аларды камтыган кендер жана концентраттар үчүн роялти ченеми сатуудан түшкөн кирешенин 5%ин түзөт.
Экинчи окууга даярдалган редакцияда депутаттардын бири бул ченемди 5%тен 8%ке көтөрүүнү сунуштаган. Бул сунуш кийинчерээк доработкаланган редакцияга киргизилип, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган.
Мыйзам күчүнө кириши үчүн ага президенттин колу коюлушу керек.
















