Сынак жана жеңиш
Жакында Казакстандын Астана шаарында «Борбор Азиянын мыкты педагогу» эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты өттү. Жеңүүчүлөрдүн катарында Токмок шаарындагы №7 орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Адылканова Лаура Рустамовна да бар.
Лаура Адылканова 2000-жылы 13-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Анын кесипке болгон жолу Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинен башталып, ал жерди 2015–2018-жылдары ийгиликтүү аяктаган.
Билим алуу жана эмгек жолу
Андан соң И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 2021-жылы бакалавриатты, 2023-жылы магистратураны аяктап, филология илимдеринин магистри академиялык даражасын алган. Мындан тышкары, 2026-жылы жаш мугалим И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасына кайрадан тапшырган.
Чынын айтсам, кесип тандоодо энемдин ролу чоң болду. Ал башында мени багыттап, кесип тандоого жардам берди. Кийинчерээк бул кесипти өзүм да жакшы көрүп калдым. Бүгүн мени ушул жолго багыттаганы үчүн энеме терең ыраазычылык билдирем.
Учурда Лаура Адылканова Токмок шаарындагы №7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштейт. Мындан тышкары, ал 8-класстардын параллелдеринде «Адам жана коом» предметин окутат жана 7 «А» жана 7 «Г» класстарынын класс жетекчиси милдетин аткарат.
Лаура Адылканова билим берүү тармагындагы жетишкендиктери менен өз аймагынын сыймыгы болуп, жаш мугалимдерге үлгү көрсөтүүдө.
Лаура Адылканованын билим жолу



























