Муниципалитеттин кабарына караганда, «Токмок шаарынын коммуналдык ишканалар комбинаты» муниципалдык ишканасынын адистери шаардагы эстелик-истребителди (согуштук учакты) оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда объекттин сырткы көрүнүшүн калыбына келтирүү, беттерин тазалоо жана ар бир деталга өзгөчө көңүл буруу боюнча иштер жүрүүдө.

Мэриянын маалыматында, постаментке орнотулган истребитель – советтик аскердик авиациянын тарыхына байланыштуу, өлкөнүн жана шаардын тарыхый барактарын эске салган эстелик объекттеринин бири экени белгиленген.

Парктагы отургучтар да оңдолду

Коммуналдык ишкана тарабынан «Манап Бий» паркында да оңдоо иштери жүргүзүлүп, отургучтардын металл бөлүктөрү бекемделди.

Учак-эстеликтердин тарыхы

Turmush басылмасы 2021-жылдын май айында Токмок шаарындагы стелаларга орнотулган учактардын тарыхы тууралуу материал жарыялаган. Анда биринчи «Ил-28» учагы (советтик фронттук реактивдүү бомбардировщик) Ибраимов менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде 1975-жылдын 9-майында, экинчиси шаарга кире бериште 2003-жылы орнотулганы айтылган.

Бул учактар типологиялык дал келүүсү боюнча шаар куруу жана архитектура эстеликтеринин тизмесине, категориясы боюнча жергиликтүү маанидеги эстеликтерге кирет. Аларды Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тейлейт.

Токмок шаардык тарыхый край таануу музейинин директору Замира Шоконованын айтымында, «Ил-28» учагы Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы жылдарында...
Turmush басылмасынын материалдарынан