Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин Бишкекке жакын жайгашкан калктуу конуштарга кошумча транспорт киргизүү өтүнүчүнө жооп берди. Ведомствонун жообу депутаттын Telegram-каналына жарыяланды.
Министрлик Токмок, Кант, Кемин, Кара-Балта жана Сокулук шаарларын борбор шаар менен байланыштырган каттамдарда жүргүнчү ташуу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле автобус каттамдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо маанилүү экенин тааныйт.
Учурда аталган каттамдардагы жүргүнчү ташуулардын басымдуу бөлүгүн жеке ташуучулар аткарышат. Министрлик транспорт тармагында иштеген жеке инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу боюнча чараларды көрүүдө.
Бирок ведомствонун бюджетине жүргүнчү ташуу үчүн автобустарды сатып алууга же аларды шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдарда колдонууга каражат каралган эмес. Ошондой эле министрликтин карамагында жүргүнчү ташуу кызматын көрсөткөн мамлекеттик автотранспорт ишканалары жок, каттамдарга тартыла турган автобустар да жок.
Министрлик эл аралык инвесторлор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө иштерин жүргүзүүдө.






















