Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы залда уюштурулуп, анын алкагында кыргыз элинин тарыхый мурасына арналган китеп көргөзмөсү да коюлду.

Катышуучулар арасында Маданият министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмер, тарыхчы жана санжырачы Дастан Сарыгулов, тарыхчы, архивчи, профессор Доолотбек Сапаралиев, «Бабалар жолу» коомдук кыймылынын төрагасы Таштан Мамбеталиев, Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, ошондой эле илимпоздор, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер болду.

Жолугушууда тарыхый инсандардын өмүр жолу, эл алдындагы эмгектери жана эрдиктери тууралуу баяндамалар окулду. Катышуучулар иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин № 369 «Уңгү жол: Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» жарлыгынын максаттарына шайкеш келерин жана улуттук тарыхты терең изилдөөгө, тарыхый эс-тутумду сактоого багытталганын белгилешти.

Өзгөчө көңүл XVII–XVIII кылымдарда тышкы баскынчыларга каршы күрөшкөн Эр Солтоңго жана анын замандаштары — Кубат бий, Кара Бото, Бердике берен, Атаке баатыр, Хан Садыр, Жайыл баатыр, Бирназар бий, Маматкул бий, Нышаа баатыр, Момокон баатыр сыяктуу тарыхый инсандарга бурулду.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгын камтыган резолюция кабыл алышты.