Өлкө боюнча аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, шаршемби күнү, 4-ноябрда, өлкөнүн өрөөндүү аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Аймактар боюнча температура

Күндүзгү температуранын божомолу

+17...+22Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
+16...+21Талас облусу
+10...+15Ысык-Көл жана Нарын облустары

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз абанын температурасы +19...+21 градуска чейин жылыйт.

Бүгүн республиканын тоолуу аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидромет