Токмок шаарынын Мунципалдуу мүлктү башкаруу бөлүмүнүн жандыктарды коргоо секторунун кызматкери О.Л.К.га карата протокол түздү. Анын негизинде Жарандык кодекстеги 124-берене, тактап айтканда эл жашаган аймактарда жандыктарды багуу эрежелерин бузуу боюнча чара колдонулду.

Жеке үйлөрдүн биринин алдында көптөгөн иттерди багып жүргөн айымга карата административдик айып пул 5 миң 500 сомго жана эрежелерди сактоо талабы коюлду.

Токмок шаардык мэриясы үй жандыктарынын ээлерине багуу жана сейилдётүү эрежелерин так сактап, өзүн-өзү жоопкерчилик кылууну эскертти. Жандактардын айлана-чөйрөгө зыяны тийбеши жана шаар тургундарынын бейпил жашоосу камсыздалуусу маанилүү.