Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия экономикалык биримдигинин олуттуу кризисте экенин билдирди. Ал биримдиктеги абалга экспорттук чектөөлөр себеп болгонун айнектеди.
Пашинян бул маселе жалгыз Арменияга тиешелүү эмес, бүткүл Евразия экономикалык биримдигинин ишмердүүлүгүнө терс таасир этерин баса белгиледи.
Ал мындай кырдаал чечилбесе, Евразия экономикалык биримдигинин аягы башталат деп эскертти.


