Токмокто ишкерге көчөгө таштандык таштоосу үчүн 13 миң сом айып пул салынды.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, 9-июлда муниципалдык мүлк боюнча экология кызматкери Кодекске ылайык 114-берене менен протокол түздү. Бул берене мыйзамда санитардык-экологиялык таза шарттарды камсыздоөгө туура эмес мамиле кылууну карайт.

Бул окуя боюнча соттук кароонун жыйынтыгында аталган ишкер 13 миң сомдук административдик айыпка жыгылды.

Шаар бийлиги бардык калкка жана ишкерлерге ар дайым шаардагы тазалыкты жана тартипти сактоого чакырат.