Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Тогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдын 8-беренесине таянып кабыл алынган.

Документтен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эшмукамбет уулу Нурлан ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Тескемеден үзүндү