Президенттин администрациясынын билдирүүсүнө ылайык, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин текшерүүнүн жыйынтыгы менен айрым акимдер жана мэрлер кызматтан бошотулушу мүмкүн.

23-ноябрда мамлекет башчысынын башкаруусундагы республикалык кеңешмеде 2026-жылдын тогуз айы ичиндеги жергиликтүү бийликтердин ишине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары сунушталды.

Текшерүүдө президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү, райондук администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камтылган.

Мониторингдин жыйынтыгында бир катар региондордо жетекчилердин ишинде кемчиликтер, анын ичинде кызматтык милдеттерин аткаруудагы жана кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугундагы мүчүлүштүктөр аныкталган.

Ушуга байланыштуу президентке айрым чиновниктерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ал эми айрым акимдерди жана мэрлерди кызматтан бошотуу сунушталган. Кимдердин кызматтан бошотулушу мүмкүн экендиги жана чечимдер качан кабыл алынары боюнча президенттин администрациясы тактоо берген эмес.

Кеңешмеде Садыр Жапаров жергиликтүү жетекчилерди жарандардын маселелерин чечүүдө кечиктирип жатканы жана жетиштүү деңгээлде демилгелүү эмес экендиги үчүн сынга алды.

Президент чиновниктердин ыйгарым укуктары кеңейтилгенин жана эмгек акылары көтөрүлгөнүн эскертип, алардан конкреттүү натыйжалар күтүлөрүн белгиледи.