Кыргызстанда бир күндүн ичинде алты чиновник кызмат ордунан алынды. Бул боюнча тиешелүү жарлыктарды Президент Садыр Жапаровга кол койду.
Президент бул чечимдерди жергиликтүү жетекчилердин ишмердүүлүгүнө нааразы болгондон кийин кабыл алды. Буга чейинки эки күндүн ичинде мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жарандардын кайрылуулары боюнча чечимдерди кечиктиргени жана жергиликтүү жерлердеги иштин начардыгы үчүн сынга алган болчу.









