Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов кызмат ордунан бошотулду. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү беренелерине таянып кабыл алынды.

Документтен

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бахавадинов Эрмек Ибрагимович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президенттин тескемесинен